04.07.2018 13:12

БШК Ош шаарынын мэрин шайлоо качан өтөөрүн жарыялады

БШК Ош шаарынын мэрин шайлоо  качан өтөөрүн жарыялады

Ош шаарынын мэрин шайлоо 2018-жылдын 18-июлуна дайындалды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шайлоо 18-июлда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өтөт. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ош АШКна тапшырылды.

Эскерте кетсек, кечээ 3-июль күнү премьер-министрдин буйругу менен Ош шаарынын мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Маалымат үчүн: «Ош шаарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык,  жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде же уюмдарда, мекемелерде жана жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.

Кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган, соттолгондугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик бийликке каршы кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт».